АКШ президенти Жо Байден кайсы үлгүдөгү уюлдук телефон көтөрөт? (сүрөт)

АКШнын президенти Жо Байден кайсы үлгүдөгү уюлдук телефон көтөрөрүн чет элдик басылмалар жазып чыгып, сүрөттөрүн жарыялады.

Маалыматтарга караганда, Жо Байден Огайо штатындагы сапарынан кайтып, учактан түшүп жатканда артына президенттик мөөр басылган IPhone менен сүйлөшүп жатканы видеого түшүп калган.

Ошондой эле уюлдук телефондун кара түстө болгондугу жана артында алтын мөөр басылган "АКШнын президентинин мөөрү" деген жазуу бар экендиги айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД