"Омега" спецназынын кызматкери жиу-житсу боюнча өлкө чемпиону болду

Жакында Бишкек шаарындагы "Газпром балдарга" спорттук-эс алуу комплексинде жиу-житсу боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өтүп, ага өлкөнүн бардык аймактарынан 400гө жакын спортчулар катышты. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, байыркы жапон согуш өнөрүнүн жүздөгөн күйөрмандарынын жана спорт чеберлеринин ичинде КР ЮМне караштуу ЖАК капитаны ар дайым активдүү катышаарын белгилей кетүү азел. Бул Омега атайын багыттагы отрядынын инспектору, ички кызматтын капитаны Абдилманап кызы Бүбүсайра. Жиу-житсу, дзюдо жана грэпплинг боюнча республикалык жана эл аралык мелдештерге байма-бай катышып, байгелүү орундарды багындырып келет.

Ошентип, бул чемпионатта Бүбүсайра 70 кг салмакта 1-орунду жеңип, офицер Кыргыз Республикасынын курама командасына кирди.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын жетекчилиги анын өлкөнүн пенитенциардык тутумунун турмушуна жигердүү катышуусун жана спорттук жыйынтыктарын жогору баалады. Абдилманап кызы Бүбүсайрага ведомстволук "Кайрат" медалы менен сыйланды, аны ЖАКнын төрагасы, генерал-майор Аскат Эгембердиев салтанаттуу түрдө тапшырды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД