ИИМдин Ички аскерлеринде кичи футбол боюнча турнир болуп өттү

Бүгүн, 19-февралда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринде Ички аскерлердин колбашчылыгынын жана Бишкек шаарында жайгашкан аскер бөлүктөрүнүн курама командаларынын арасында Ички аскерлердин аскер кызматчысы майор Жакишев Мурад Абдыкановичтин жаркын элесине арналган кичи футбол боюнча турнир болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин Ички аскерлеринин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, турнирди ачуу аземине Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысынын орун басары полковник Марат Нуралиев, Ички аскерлердин аскер кызматчылары, майор М. Жакишевдин жакындары жана ардагерлер катышты. Колбашчынын орун басары полковник Нуралиев М. катышуучуларды турнирдин башталышы менен куттуктап, ден соолук, жемиштүү жеңиш жана ийгилик каалап кетти.

Турнирдин жыйынтыгы менен "Мыкты коргоочу", "Мыкты дарбазачы", "Мыкты оюнчу","Мыкты чабуулчу" жана "Мыкты гол" номинацияларынын негизинде жогоруда көрсөтүлгөн командалардын арасынан мыкты оюнчулар тандалып алынды.

Командалык оюнда биринчиликти 705 аскер бөлүгүнүн курама командасы багындырса, экинчи орунга 702 аскер бөлүгүнүн жана үчүнчү орунга Ички аскерлердин Колбашчылыгынын курама командалары ээ болушту.

Турнирдин аягында, жеңүүчүлөр диплом, грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД