Кыргызстанга автоунаа тетиктерин мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аткезчилер кечээ, 2-июнда Баткен облусунун Кадамжай районунун аймагында кармалган. Анда Өзбекстанга караштуу Чоңгара анклавынан чыгып келе жаткан эки жүк ташуучу автоунаа текшерилген. Анын натыйжасында автоунаадан тийиштүү документтери жок айыл-чарба товарлары жана автоунаа тетиктери табылган. Кийин чек арачылар териштирүү иштери үчүн аларды тийиштүү түзүмдөрдүн кызматкерлерине өткөрүп беришкен.