
Ушул жылдын март айында Бишкекте бильярддын эркин пирамида, динамикалык пирамида дисциплиналары боюнча жаштар жана чоңдор арасында дүйнө чемпионаттары өтөт. Бул тууралуу Бильярд күйөрмандарынын лигасынын сайты - llb.su билдирет.
Белгилей кетсек, "пирамида", ошондой эле расмий эмес түрдө "орус бильярды" деп аталат, чөнтөк бильярдынын уникалдуу түрү. Ал оюндун башка интерпретацияларынан эрежелердин катаалдыгы жана жазалардын кеңири спектринин болушу менен айырмаланат.