Абайлаңыздар! Ош шаардык ички иштер башкармалыгы эскертет!

Урматтуу ата энелер! Күн кескин ысып, суу бойлорунда эс алганы келген үй-бүлөөлөр, жаштар көбөйүүдө. Коопту болгон жайларга барганда балдарыңыздын, өзүңүздөрдүн коопсуздугуңуздарды караңыздар. "Кырсык каш кабактын ортосунда" деп коёт эмеспи, биз ошол кырсыкты болтурбай алдын алалы. Балдар биздин келечегибиз, балдарды кароосуз калтырбайлы. Дайыма көзөмөлдөп, жанында жандап жүрүңүздөр.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери күн ысыган күндөн тартып, Ош шаарынын аймагындагы сууга түшүүгө коопту болгон жайларда прафилактикалык иш чараларды жүргүзүп жатышат. Шаар тургундарына, конокторго эскертме баракчалары таратылып, сууга түшүүгө, эс алууга коопту болгон жерлеге эскертүү тактайчалары илинип жатат.

Атайын иш чара учурунда кооптуу болгон суу бойлорунда чоң ата чоң энелери жана коңшусу менен келип, кароосуз өз алдынча сууга түшүп жүргөн жаш өспүрүмдөрдү кездештирдик. Чоң ата чоң энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, неберелерин кооптуу болгон суу бойлоруна алып келбөө эскертилди жана үйлөрүнө жиберилди.

Милиция кызматкерлери тарабынан бул иш чара сууга түшүү сезону аяктаганга чейин улантылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД