Митингге чыккан кесиптик кошуундар бирлигинин талабы канаатандырылды

Митингге чыккан кесиптик кошуундар бирлигинин талабы канаатандырылды. Бул тууралуу VB.KG`ге Кыргызстан Куруучулар профсоюзунун төрагасы Элдияр Карачалов билдирди.

Анын айтуусуна караганда "Кесиптик кошуундар бирликтери жөнүндө" мыйзам долбоорун кайра иштеп чыга турган макулдашуу тобуна кесиптик кошуундар бирлиги сунуштаган 5 өкүлдүн бири кабыл алынган.

"Биз сунуштаган 5 өкүлдүн бири кирди. Кесиптик кошуундар бирликтеринин өкүлү катары макулдашуу тобуна Айнура Омурова кошулду. Беш адамды сунуштаганбыз, бирок аталган топто жок дегенде бир өкүлүбүздүн болгону дагы жакшы", - дейт Карачалов.

Белгилей кетсек, "Кесиптик кошуундар жөнүндө" мыйзам долбоорун президент вето коюп кайра артка кайтарган. Аны кайра иштеп чыга турган макулдашуу тобуна алардын өкүлдөрү кошулбай калгандыгын айтып Кесиптик кошуундар бирликтери кечээ, 2-июнда Ак Үйдүн алдында митинг өткөрүшкөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД