Суучул Денис Петрашов АКШда өткөн турнирде 2-орунга ээ болду

Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов Атланта шаарында өткөн АКШнын Атлантика жээгиндеги конференциясынын (ACC) турниринде 200 ярдга сүзүү боюнча экинчи орунду ээледи. Бул тууралуу КРнын Сууда сүзүү федерациясынан билдиришти.

Петрашов АКШнын Атлантика жээгиндеги конференциясына (ACC) катышып, 200 ярд аралыкты 1 мүнөт 51,89 секундда сүзүп өткөн.

"Албетте, бул жетишкендик Петрашовдун жана анын машыктыруучуларынын жеңиши жана ага АКШнын ачык чемпионатына катышууга мүмкүндүк берет. Денисти куттуктайбыз жана жаңы жеңиштерди каалайбыз", -деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД