Бекташ Шамшиев: "Акылбек Жапаров эч ким батына албай жүргөн ишти баштады"

Акылбек Жапаров кесиби боюнча экономист эмес, бирок азыр бул жаатта мыктылардын бири, прикладдык экономист. Мындай пикирин журналист Бекташ Шамшиев билдирди.

"Акылбек Жапаров билимдүү, акылдуу жигит. Мындай профессионалдар кайсы система, бийлик болбосун керектүү. Акылбек "Кумтөрдүн" талылуу жерин таап, элге кайтарып бергени үчүн башка жерде ага алтындан эстелик коюшмак, бизде аны жабыла тепкилеп жатабыз.

Бирок, Акылбек өзүнүн деңгээлин, ордун мыкты билет. Илимий иштери тууралуу айта албайм, анткени окуган эмесмин, окуганда деле түшүнүшүм кыйын, филология болсо кичине тиш өтөр беле деп ойлойм.

Анан, туугандар, жакшыны жакшы, билимдүүнү билимдүү, акылдууну акылдуу дейли, андан кемип калбайбыз. Бизде экономисттер көп, Акылбек кесиби боюнча экономист эмес, бирок азыр бул жаатта мыктылардын бири, прикладдык экономист. Башкасын билбейм, "Кумтөр" боюнча аракети анын буга чейинки кемчиликтеринин баарын жууп кетти кетти. Эч ким батына албай жүргөн ишти баштады, ушун үчүн ага ырахмат айтсак жарашат", - деп белгилеген Шамшиев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД