2023-жылкы Азия кубогуна тандоо: "Ак шумкарларлын" атаандаштары аныкталды

Азия футбол конфедерациясынын штабдык кеңсесинде 2023-жылы өтө турган Азия кубогунун тандап алуу оюндарына чүчүкулак тартылды. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Анын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан курамасы F тайпасынын сап башында орун алып, атаандаштары аныкталды. "Ак шумкарлар" Сингапур, Мьянма жана Тажикстандын курамалары менен оюн өткөрөт.

F тайпасынын оюндары 8, 11 жана 14 июнь күндөрү Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадионунда өтмөкчү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД