
КР Саламаттык сактоо министрлиги 2020-жылдан бери калкты коронавирус инфекциясына каршы эмдөө менен камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүп келет. Кыргызстан расмий түрдө бардык өлкөлүк милдеттенмелерин аткарып, COVAX механизмине кирген, ошондой элк вакциналар республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынган жана Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы жана Ислам банкы тарабынан донордук жардам көрсөтүлдү.
Жалпысынан 6 168 200 доза вакцина келген жана сатылып алынган, алардын ичинде:
1 428 000 доза –COVAX механизминин алкагында;
2 280 200 доза – гуманитардык жардам;
2 460 000 доза – республикалык бюджет;
Бүгүнкү күндө жалпы 2 686 437 доза вакцина колдонулган, калганы – 3 481 763 доза. Бул дозалар калкты кошумча жана кайталап эмдөө үчүн колдонулат.
Келип түшкөндөр:
* Синофарм– 4 448 800 доза, анын ичинен 2 млн 350 миң республикалык бюджеттин эсебинен, 1 млн 800 миңи КЭРден гуманитардык жардамга, 298 800 миң доза COVAX механизминин алкагында.
* Спутник V – 120 000 доза, анын ичинен 10 миң доза гуманитардык жардам.
* AstraZeneca – 549 760 доза, анын 95 миң дозасы гуманитардык жардам (Польша 55 миң доза, Азербайжан 40 миң доза), COVAX механизминин алкагында 454 миң доза.
* QazVac – 25 000 доза, Казакстан Республикасынан гуманитардык жардам.
* Pfizer – COVAX механизминин алкагында 458 640 доза (АКШ кайрымдуулук).
* Спутник Лайт – 200 000 доза, гуманитардык жардам РФ.
* Sinovac - 150 000 доза, гуманитардык жардам Түркия.
* Moderna – COVAX механизминин алкагында 216 000 доза (Франция кайрымдуулук).
2022-жылга карата COVAX механизминин алкагында Moderna өндүрүшүндөгү 100 800 доза вакцинанын келиши күтүлүүдө.