Айпери Медет кызы менен Мээрим Жуманазарова финалга чыгышты

Кыргызстандык спортчу кыздар Айпери Медет кызы менен Мээрим Жуманазарова Түркияда өтүп жаткан күрөш боюнча Yasar Dogu, Vehbi Emre, Hamit Kaplan эл аралык рейтингдик мелдешинин финалына чыгышты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Спорттук иш-чара 24-27-февралда Стамбул шаарында өтүүдө.

Эскерте кетсек, Түркиядагы грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча эл аралык мелдешке Кыргызстандын атынан 17 балбан аттанган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД