
Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Түркияда өтүп жаткан күрөш боюнча Yasar Dogu, Vehbi Emre, Hamit Kaplan эл аралык рейтингдик мелдеште күмүш медаль утту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.
Спорттук иш-чара 24-27-февралда Стамбул шаарында өтүүдө.
Мээрим Жуманазарова мелдештин финалында нигериялык Блессинг Оборудудуга 0:3 эсебинде жеңишти алдырып жиберди.