
Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Түркияда өтүп жаткан күрөш боюнча Yasar Dogu, Vehbi Emre, Hamit Kaplan эл аралык рейтингдик мелдеште алтын медаль утту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.
Спорттук иш-чара 24-27-февралда Стамбул шаарында өтүүдө.
Айпери Медет кызы 76 кг салмакта турнирдин финалында австриялык Мартина Кюнц менен беттешип, аны 6:4 эсебинде жеңип алтын медалды багындырды.
Эскерте кетсек, Түркиядагы грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча эл аралык мелдешке Кыргызстандын атынан 17 балбан аттанган.