Министр: Элдин 40 пайызы коронавирус менен ооруган

Өлкөдө калктын 38-41 пайызы коронавирус илдети менен ооруган. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

"Биз эки жолу текшердик. Биринчисинде калктын 38 пайызы, экинчисинде калктын 41 пайызы коронавирус менен ооруган. Жаштар былтыр май айында ооруп, жеңил өтүп кеткен. Эми кайрадан ооруп жатышат", - деди ал.

Учурда Жогорку Кеңеште Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине коронавирустук инфекцияга каршы вакцинаны сатып алуу үчүн каражат бөлүп берүү жөнүндө токтом долбоору каралууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД