Маматалиев: орунсуз талап коюп элди жөө калтырып кыйнагандарды камаш керек

Бүгүн, 3-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек шаарындагы коомдук унааларга байланышкан көйгөйлөр көтөрүлдү.

Депутаттар Ирина Карамушкина менен Тазабек Икрамов Бишкек шаарындагы каттамга чыкпай жаткан коомдук унаалардын маселесине токтолушуп, калаа жетекчисин алдын-ала чара көрбөгөнүн сынга алышты. Ошондой эле каттамга чыкчу коомдук унааларды тандоодо да кемчиликтер көп экенин белгилешти.

Ушул эле маселеге токтолгон депутат Марлен Маматалиев Министрлер кабинетинин төрагасын тиешелүүлөрдү чакырып, жыйын өткөрүшү керектигин белгиледи.

"Шаарда беш-алты эле компания каттамдарды жүргүзөт. Андыктан, алардын лицензиясын алып, кайра тендер өткөрүү зарыл. Ал эми орунсуз талап коюп, шаар элин кыйнагандарды эл душманы катары кармаш керек. Бүгүн чечели, маселени эртеңкиге калтырбайлы",– деди Маматалиев.

Ошондой эле депутат Ныязбек Арзыбаев тендердин жобосуна жаңы эреже киргизүүнү сунуштап: "Каттамга чыкпай койгон компанияларды кийинки тендерге катышуусуна бөгөт коюлушу керек", - деп кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД