FIDE: Мелдештерде Орусия менен Беларустун желектери илинбесин

Эл аралык шахмат федерациясынын (FIDE) кеңеши шахмат боюнча бир дагы эл аралык рейтингдик мелдеште Орусия менен Беларустун желектери илинбөөсү жана гимндеринин жаңырбоосу боюнча чечим чыгарды.

Буга чейин россиялык гроссмейстер Сергей Карякин Владимир Путиндин Украинадагы аракеттерин колдогон кат жазган.

ФИДЕ Карякиндин билдирүүсүн айыптап, анын ишин этика жана тартип боюнча комиссияга тапшырарын билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД