Кыргызстан менен Тажикстандын ич ара соода жүгүртүүсү кескин төмөндөдү

Кыргыз-тажик чек арасы дээрлик бир жылдан бери жабык, бул Согди облусунун экономикасына терс таасирин тийгизүүдө.

"Озоди" радиосу 2021-жылы Кыргызстан менен Тажикстандын ич ара соода жүгүртүүсү эки өлкөнүн экономикалык кызматташтык тарыхында эң төмөнкү деңгээлге түшкөнүн жазды.

Согд облусунун Статистика башкармалыгынын директору Накхат Хакимзода Кыргызстан менен соода жүгүртүү былтыр 25,1 млн долларды түзгөнүн, анын ичинен 3,3 млн доллары экспорт, 21,8 млн доллары импорт экенин айтып, бул сан Кыргызстан менен соода төмөндөп кеткенин айгинелеп турганын билдирди.

Согд облустук бажы башкармалыгы да ич ара сооданын кыскарганына тынчсызданып, Тажикстандын түндүгүндөгү райондор негизинен түшүм сатуу менен акча таап келишкенин белгиледи.

Согд облусунун бажы башкармалыгын башчысы Бахром Исматуллозода жаңжал эки өлкөнүн тең кызыкчылыгына каршы келерин айтты.

"Бул Тажикстан үчүн да, Кыргызстан үчүн да пайдалуу эмес. Экономикалык көз караштан алганда өткөн жылы кандайдыр бир белгилүү көрсөткүчкө ээ болгон жокпуз. Мыйзамсыз ташуу фактылары да белгилүү бир деңгээлде кыскарды. Чек ара жабык кезде бир да аткезчи буга даабайт", - деди ал.

Өткөн жылы Согд облусунда чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн ондогон кыргызстандык кармалып, жоопко тартылган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы ымала 2021-жылдын апрель айынын аягындагы кандуу окуядан кийин солгундап кеткен. Андагы жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши каза болуп, 154ү жаракат алган. Тажикстан тараптан 19 адам мерт болуп, 87си жабыркаган. Эки тарапта тең ондогон үйлөр жана башка имараттар, автоунаалар өрттөлгөн.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжал быйыл 27-январда болду. Аскерлер аралашкан атышуудан Кыргызстандан 13 адам жараат алса, Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги эки тажик жараны каза таап, 10 киши жарадар болгонун жазган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД