Кыргызстан менен Сауд Аравиянын ишкерлери төрт меморандумга кол койду

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кыргызстан жана Сауд Аравия Падышалыгынын ири инвестициялык компанияларынын кыргыз-сауд бизнес-форумуна катышты. Анда ал форум эки өлкө ишкерлеринин ортосунда пайдалуу келишимдерди түзүү аянтчасына айланарына ишенимин билдирди.

Иш-чарага эки тараптуу кызматташууну түзүүгө жана өнүктүрүүгө умтулган экономиканын түрдүү тармактарынан 100гө жакын кыргызстандык компания катышты.

Ал кошумчалагандай, Кыргызстан Сауд Аравиясынын талаптарына ылайык товарларды керектүү көлөмдө жеткирүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө даяр.

Андан соң кыргызстандык компаниялар менен сауд ишкерлеринин ортосунда кызматташуу боюнча меморандумдарга кол коюу аземи болду.

Натыйжада Кыргызстан менен Сауд Аравиянын ишкер чөйрө өкүлдөрү 4 документке кол коюшту. Алар:

1. "Кыргыз Республикасынын шамал жана күн электр станцияларынын ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмеси - Fas Energy компаниясы менен;

2. "Кыргыз Республикасынын шамал жана күн электр станцияларынын ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмеси – Ajlan&Bros Holding Group компаниясы менен;

3. Айыл чарба министрлиги - Ajlan&Bros Holding Group компаниясы менен;

4. Gimnili жоопкерчилиги чектелген коому - Ain Salsabilla Trading Company менен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД