Зеленский алдыдагы 24 саат Украина үчүн чечүүчү болорун айтты

Украина президенти Владимир Зеленский алдыдагы 24 саат Украина үчүн чечүүчү сутка болорун айтты. Бул тууралуу ал Улуу Британиянын өкмөт башчысы Борис Жонсон менен телефон аркылуу сүйлөшүп жаткан учурда айтты.

Даунинг-стриттин маалыматына ылайык, Улуу Британиянын өкмөт башчысы Борис Жонсон Украинанын коргонуусу үчүн колунан келген жардамын сунарын билдирген. Ошондой эле, Украина элинин эр жүрөктүүлүгүн жана Зеленскийдин аракеттерин жогору баалаган.

Учурда Украинанын куралдуу күчтөрүнүн маалыматына ылайык, төрт күн ичинде Орусия армиясы 4500 адамын жоготкон. Бирок мунун арасында канчасы аскер жана канчасы карапайым калк экени тууралуу так маалымат жок.

Ал эми Белоруссия учурда эки тарапты тынчтык сүйлөшүүсүнө көндүрүү аракетинде. Буга чейин орусиялык делегация сүйлөшүүлөр үчүн Гомель шаарына келгени айтылган. Ал эми украин тарап Белоруссиядан сырткары жерде сүйлөшүү талабын койгон. Кийинчерээк украин президенти Владимир Зеленский Белоруссия президенти Александр Лукашенко менен телефондо сүйлөшкөн. Андан соң беларусь тарап Орусиядан келген делегацияны дагы бир канча убакыт күтүп турууга көндүргөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД