Украина менен Орусия жакынкы сааттарда сүйлөшүү жүргүзөт

Орусия тарап Украина менен сүйлөшүүлөрдү күтүп жатат, ал жакынкы аралыкта башталышы мүмкүн. Бул тууралуу "РИА Новости" жазды.

Путиндин жардамчысы Владимир Мединский сүйлөшүү үчүн Беларустун Гомель облусу тандалып алынганын, ал жакка Орусия делегациясы жөнөп кеткенин билдирген.

Ал эми Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Беларусь президенти Александар Лукашенко Украина президенти Владимир Зеленскийге телефон чалып, эки тараптуу сүйлөшүүгө көндүргөнүн, ортомчулук милдетти аркалап берерин айтканын маалымдады.

Беларусь Тышкы иштер министрлиги сүйлөшүү залы даяр экенин белгилеп, атайын сүрөт жарыялады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД