Эверестке чыккан Эдуард Кубатов Кыргызстанга келет

Эверест тоосуна чыккан биринчи кыргыз Эдуард Кубатов 5-июнда Кыргызстанга учуп келет. Бул маалыматты өзү социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу билдирди.

Эдуард Кубатов планетадагы эң бийик чокуга жеткен экинчи кыргызстандык адам болуп калды. Буга чейин альпинист Дмитрий Греков 1997-жылдын 20-майында эл аралык экспедициянын курамында чыккан.

Э.Кубатов социалдык түйүндөгү баракчасына: "23-май күнү саат 8.35те мен жашоомдогу негизги эрдикти жасадым. Эверестте, дүйнөдөгү эң бийик чокуда биринчи жолу биздин ак калпак жана кыргыз желеги желбиреди! Бул менин сүйүктүү өлкөмө арналат! Мен баарын жумшап, моралдык жана физикалык чарчап-чаалыгуу менен чокуга жеттим. Мен ага жеттим жана менин мекендештерим ушуну күтүп жатканын билдим! Баарыңарды кучактайм, силер үчүн жашап жана күрөшөм!", - деп жазган.

"Эверест – Лхоцзе 2021" экспедициясынын уюштуруучулары Эдуард Кубатов Эверестке чыккан биринчи этникалык кыргыз экенин расмий жарыялады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД