Бишкек милиция: Орхан Инанды Кыргызстандын чек арасынан өткөн эмес

"Сапат" билим берүү мекемесинин жетекчиси Орхан Инанды Кыргызстандын чек арасынан расмий чыккан эмес. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББден билдиришти.

Милиция жоголуп кеткен Кыргызстандын жараны боюнча маалымат берди. Ага ылайык, ИИМдин тажрыйбалуу кызматкерлери Инандыны күнү-түнү издеп жатат. Ондогон адамдар менен болжолдуу күбөлөр суракка алынууда.

Мындан сырткары, атайын түзүлгөн ыкчам-мобилдик топ коомдук, көңүл ачуучу жайларды, мейманканалар менен отелдерди, базарлар менен соода борборлорду, курулуп жаткан үйлөрдү, жаңы конуштарды жана башка жерлерди тинтип жатат.

Борбор калаанын кире беришине мобилдик жана стационардык посттор орнотулуп, кирген-чыккан унаалар текшерилүүдө.

Эске салсак, "Сапат" лицейлер тармагынын президенти, Кыргызстан жараны Орхан Инандынын 1-июндан бери дайынсыз болуп жатканы кабарланган. Бул маалыматтан кийин президент Садыр Жапаров аны издөө боюнча кошумча күч тартууну тапшырган. Инандынын автоунаасы 12-кичи райондо эшиги ачык калган тейде табылганы айтылып, атасынын жоголгону боюнча уулу арыз жазган.

Кийинчерээк УКМК Орхан Инандыны уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү издеп жүргөнүн маалымдаган.

ИИМ Инандыны тажрыйбалуу кызматкерлер издеп жатканын кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД