Баткенде 4 жашар кызды унаа сүзүп, ооруканага жетпей көз жумду

Баткенде 4 жашар кызды унаа сүзүп, ооруканага жетпей көз жумду. Бул тууралуу VB.KG`ге Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын облустук бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 1-июнда саат 17:30дар чамасында Баткен шаарында болгон. Анда 4 жашар кыз жолго чуркап чыгып аны өтүп бара жаткан унаа сүзүп кеткен. Оор жаракат алган наристе ооруканага жетпей көз жумган.

Учурда бул иш боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, укук коргоо органдары иликтеп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД