Мурдагы депутат Жылдызкан Жолдошева сурактан чыкты

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошева Аскер прокуратурасынан сурактан чыкты.

Ал "Tazabek" басылмасына Кумтөр боюнча күбө катары чакырылганын айтты.

"Бир гана суроо берилди. Эмне үчүн 2012-жылы Жогорку Кеңештин комиссиясынын токтом долбооруна "макул" деген добуш бергенимди сурашты. Жооп берүүдөн мурун эч ким депутатты сүйлөгөн сөзү үчүн же добуш бергени боюнча жоопкерчиликке тартууга укугу жок экенин айттым. Эмне үчүн "макул" деп добуш бергем? Себеби токтом долбоору элдин жана өлкөнүн кызыкчылыгын коргойт болчу", - деди Жолдошева.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД