18 депутат УКМКнын СИЗОсуна Өмүрбек Бабановго барганы жатышат

"Республика – Ата Журт" фракциясынан Жогорку Кеңештин 18 депутаты эртең, 4-июнда камакка алынган саясатчы Өмүрбек Бабановго УКМКнын СИЗОсуна барууну пландаштырууда. Ал жерде саясатчы 31-июлга чейин болот.

УКМКга жиберилүүчү билдирүүгө "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов кол койду.

Баруучулардын тизмесине төмөнкүлөр кирет:

Жыргалбек Турускулов.

Умбеталы Кадыралиев.

Рада Туманбаева.

Мирлан Жээнчороев.

Нурбек Тотонов.

Аккулу Бердиев.

Марлен Маматалиев.

Өскөнбай Жээнбаев.

Кенжебек Бокоев.

Калдарбек Баймуратов.

Пархат Тулендыбаев.

Таабылды Тиллаев.

Акыл Кемелов.

Закир Шарапов.

Махабат Мавлянова.

Арзыбек Карыбеков.

Абдыбек Дюшалиев.

Тариэл Жоробеков.

Эске сала кетсек, Өмүрбек Бабанов 31-майда "Кумтөр" иши боюнча УКМКдагы сурактан кийин кармалган. Сот аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД