Тазабек Икрамов ЖКнын Эл аралык иштер комитетинин төрагасы болду

Тазабек Икрамов Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 3-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасын шайлоо маселеси каралып, депутаттар Мамасадык Бакиров менен Тазабек Икрамовдун талапкерлиги сунушталган.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында депутат Тазабек Икрамов 73 добуш менен Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы болуп шайланып, тиешелүү токтом кабыл алынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД