Бишкекте турак жай өрттөнүп 1 адам жабыркады

Бишкекте турак жай өрттөнүп 1 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт бүгүн саат 00:13төр чамасында Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйлөрдүн бибиринен чыккан. Анын натыйжасында батирдин 5 чарчы метр ички жасалгасы жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттөн батирдин жашоочусу Ш.К.А аттуу эркек киши күйүк алып, 103 кызматкерлерине өткөрүлүп берилген жана 2 адам өрт өчүрүү кызматкерлери тарабынан куткарылып, коопсуз жерге чыгарылган. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД