Өлкө боюнча коронавирус жуктургандардын саны жалпысынан 106 223кө жетти. Алардын ичинен 99 794 киши сакайып, 1 837 бейтап көз жумду.
Кыргызстанда соңку суткада 383 адамдан коронавирус табылып, 7 адам көз жумду. Ал эми 320 бейтап сакайып кетти. Бул туурасында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Оору жуктуруп алгандардын саны:
Бишкек шаары – 177;
Ош шаары – 38;
Чүй облусу – 78;
Ош облусу - 20;
Талас облусу – 4;
Нарын облусу – 10;
Ысык-Кёл облусу – 28;
Жалал-Абад облусу – 22;
Баткен облусу – 6.
Ооруну жеңип, айыгып чыккандардын саны:
Бишкек шаары – 161;
Ош шаары – 16;
Чүй облусу – 87;
Талас облусу – 2;
Нарын облусу – 14;
Исык-Кёл облусу – 28;
Жалал-Абад облусу – 9;
Баткен облусу – 3.
Ал эми учурда стационарда 1 678, ал эми амбулатордук дарыланууда 1 888 бейтап жатат.
Ооруканада жаткандардын ичинен 458 адам орточо оор, ал эми 105 киши өтө оор абалда экени айтылды.