"Келечек" жаштар турнири: Дарыгерлер биринчи орунду ээледи

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулган "Келечек" жаштар турнири аяктады. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматка караганда, жалпысынан ар тармактагы 35 жашка чейинки кызматкерлерден түзүлгөн 8 команда (мамлекеттик кызматкерлер, эл өкүлдөрү, дарыгерлер, мугалимдер, журналисттер, өнөр адамдары, блогерлер жана ишкерлер) катышып 1-орунга "Дарыгерлер" командасы 2:1 эсебинде "Журналисттер" командасын жеңип байгелүү орунга ээ болду.

Ал эми 3-орун үчүн "Мамлекеттик кызматкерлер" командасы менен "Өнөр" командасы ат салышып, аталган орун "Өнөр" командасы камсыздай алды.

Турнир Бишкек шаарында 2022-жылдын 5-мартында "Гаспром балдарга" ден-соолукту чыңдоо борборунда өттү.

Жалпы байге фонду:

1-орун "Дарыгерлер" 50 миң сом байге

2-орун "Журналисттер" 30 000сом

3-орунду "Өнөр" 20 000сом командасы алса,

4-орунга "Мамлекеттик кызматкерлер" командасы 10 000сом байге алышты.

Мындан тышкары:

"Мыкты оюнчу"- Мирлан Кубанычбеков (Дарыгер командасы);

Мыкты бомбардир" - Бекболсун Молдояр уулу (Блогерлер командасы);

"Мыкты дарбазачы" - Азат Сагынов (Мамлекеттик кызматкерлер командасы);

"Мыкты коргоочу" - Адилет Султаналиев (Өнөр командасы);

"Мыкты күйөрман" - Темирлан Ишенов номинациялары берилди.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Келечек" турнирин өткөрүүгө салым кошкон өнөктөштөргө терең ыраазычылык билдирет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД