Кыргызстандын фехтования боюнча курамасы Азия чемпионатында коло байге утту

Кыргызстандын фехтования боюнча курамасы кадеттер жана юниорлор арасында Азия чемпионатында коло байге утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш 3-мартта Ташкент шаарында өттү.

Турнирде командалык жарышта коло байгени Айпери Токтогулова, Акак Кеңешова жана Юлия Никитина жеңди.

Фехтования боюнча Азия чемпионатына 20 өлкөдөн 300дөн ашык спортчу катышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД