
2022-жылдын 1-мартында 6-окуу имараты тараптагы футбол талаасында "Ректордун кубогун" утуп алуу үчүн кичи футбол боюнча турнир башталган. Бул тууралуу КУУнун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Коомчулук менен байланышуу жана жаштар иштери боюнча департамент тарабынан уюштурулган футболдук турнирге жалпысынан 18 команда катышкан.
Турнирдин жыйынтыгы 2022-жылдын 3-март күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында чыгарылып, КУУнун ректору Канат Садыков турнирдин жеңүүчүлөрүнө "Ректордун кубогун" жана сыйлыктарды тапшырды. III орунду башкаруу жана бизнес факультетинин, II орунду юридикалык факультетинин командалары ээлесе, баш байгени экономика факультетинин футболчулары жеңип алды.
Сыйлыктарга о.э. факультеттер аралык дене тарбия жана спорт кафедрасынын окутуучулары жана "Мыкты дарбазачы", "Мыкты чабуулчу", "Мыкты коргоочу" наамдарын жеңип алган студенттер татыктуу болушту.