Бишкектин активисттери берген автобустар да каттамга чыкты

Бүгүн, 4-июнь күнү да Бишкекте маршруттук таксилердин айдоочулары каттамга чыккан жок. Алар 2-июнда иш ташташкан.

Айдоочулар жол кирени 10 сомдон 15 сомго көтөрүүнү суранып жатышат. Жол кире маселеси чечилгенге чейин шаар тургундарына кыйын кырдаал жаралды.

Борбор калаадагы коомдук транспорт маселеси боюнча 3-июнда парламенттин депутаттары да тынчсызданып, маселени чечүүнү Өкмөттөн талап кылышты.

Бишкек мэриясы жол кире маселеси чечилгенге чейин шаардыктарга акысыз автобус каттамдарын уюштуруп жатат:

-Ички иштер министрлиги жана Коргоо министрлиги тарабынан берилген автобустар №100 каттамда жүргүнчү ташууда;

-"Алга" футболдук клубу берген 18 орундуу автобус жана "Оптима Банктан" берилген автобус шаардыктарды №214 багыты менен ташыйт;

-№240 маршрут менен Батыш автобекетинин жана "Мадина" базары тарабынан берилген эки автобус каттоодо;

-№211 багытта шаар тургундары берген автобус каттоодо;

-Ахунбаев көчөсү, Чүй, Манас проспектилери, Байтик Баатыр көчөсү аркылуу Данияр Өмүрзаков аттуу активист тарабынан берилген 4 автобус каттоодо.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД