Бишкекте аялдар маммологдун бекер кароосунан өтө алышат

Бишкекте 7-11-март аралыгында аялдар акысыз маммографиядан өтө алышат. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин Кыргыз-түрк достук ооруканасына барган учурда айтылды.

Анда министр Кыргызстандын саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүүгө салым кошкону үчүн Түркия өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

"Бул иш-чара онкологиялык ооруларды алдын алуу жана Кыргызстандын аялдарына медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында уюштурулду. Бир жума аралыгында түрк жана кыргыз дарыгерлери биргеликте скрининг жана консультация жүргүзүшөт. Бул акыркы акция эмес, мындай иш-чаралар жыл бою жүргүзүлмөкчү" , - деди Бейшеналиев.

Министрликтин маалыматына караганда, акысыз кароо алдын ала жазылуу менен болот.

Төмөнкү номерлерге чалып, жазылуу керек: 0997 650 000, 0312 650 000.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД