
ЖАКнын "Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу тутумунун кызматкерлеринин арасында волейбол боюнча чемпионатты өткөрүү жөнүндө" № 120 буйругуна ылайык жана 8-март аялдардын Эл аралык күнүнүн урматына Бишкек шаарында волейбол боюнча өтө кызуу мелдеш өттү. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, биринчилик үчүн болгон күрөшкө бир эле учурда 9 аялдар тобу катышты. Бул борбордук аппараттын, башкы медициналык башкармалыктын ошондой эле № 2, 3, 14, 21, 31, 47, 50 мекемелеринин кызматкерлеринен турган командалар катышышты.
Оюндун жыйынтыгында баш байге төмөнкүчө бөлүштүрүлдү: 1-орун №2 мекеме; 2-орун №3 мекеме; 3-орун №14 мекеме.
"Мыкты чабуулчу" болуп ички кызматтын кенже сержанты Жумашова Асылгүл №2 колониянын контролеру табылды. "Эң мыкты байланышчы" болуп №14 колониянын өздүк курам менен иштөө тобунун ага инспектору, и/к майору Абдыралиева Роза табылды. "Мыкты коргоочу" деп №3 мекеменин өздүк курамынын улук инспектору, и/к майору Абдыраимова Миргүл табылды.
Жеңүүчүлөргө кубок, медалдар жана дипломдор салтанаттуу түрдө тапшырылды.