Бишкектеги батирдин босогосуна баласын таштап кеткен эне табылды

Бишкектеги батирлердин бирине жаңы төрөлгөн ымыркайын таштап кеткен эне табылды. Бул тууралуу Kaktus.kg редакциясына Эне жана баланы коргоо улуттук борборунан кабарлашты.

"Баланын апасы табылыптыр. Бизге милициядан телефон чалып айтышты. Баланын абалы жакшы. Эч кандай паталогиялар жок төрөлгөн. Биз аны текшерүүдөн өткөрүп жатабыз", - деп ооруканадан билдиришти.

Тема боюнча:

Белгисиз бирөө Бишкектеги үйдүн алдына бала таштап кеткен

Эске салсак, 4-март күнү кечинде Бишкектеги батирлердин бирине бала таштап кетишкен. Берилген маалыматка ылайык, болжол менен кечким саат 21:00до эшикти бирөө такылдатып, качып кеткен. Босогодо одеялого оронгон жаңы төрөлгөн ымыркай жатыптыр. Жанында кагазы бар бар болчу. Анда: "Бакканга шартым жок. 01.03.2022-ж төрөлгөн күнү" деп жазылган. Тез жардам кызматы аны Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна жеткирип, ал медициналык текшерүүдөн өткөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД