Кой этинин орточо баасы 6,3% га жогорулады

Кыргызстанда бир айдын ичинде кой этинин баасы 6,3% га жогорулады. Бул тууралуу Монополияга каршы мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, июнь айында кой этинин баасы 485,6 сомду түзсө, бир ай мурун 456,9 сом болчу. Ошол эле учурда, уй эти бир айда 2,3% га гана, ал эми тоок эти 1,4% га кымбаттаган.

Кошумчалай кетсек, ушул жылдын май айында жылдык инфляция деңгээли 10,7% ды түзгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД