Дүйнө: Вируска каршы вакцинанын 2 миллиарддан ашык дозасы колдонулду

Дүйнөдө COVID-19га каршы вакцинанын 2 миллиарддан ашык дозасы колдонулду. Бул тууралуу "Анадолу" агенттиги жазды.

Ourworldindata.org ресурсундагы маалымат боюнча, Кытайда 704 миң 830 доза вакцина колдонулуп, алар дүйнөдө биринчи орунда турат. АКШ - 296 млн 910 миң доза, Индия – 221 млн 40 миң, Бразилия – 68 млн 920 миң, Улуу Британия – 65 млн 660 миң, Германия – 52 млн 780 миң, Франция – 37 млн 450 миң, Италия – 35 млн 820 миң, Мексика – 31 млн 810 миң, Орусия – 29 млн 790 миң доза колдонгон.

Ал эми колдонулган дозалардын 100гө эсептелиши боюнча алдыда Сейшел аралдары турат. Аларда 100 кишиге 136,74 доза туура келет. Бириккен Араб Эмираттарында 100 кишиге 132,11 доза, Сан-Маринодо – 126,51, Израилде – 122,33, Мальтада – 119,72, Бахрейнде – 104,32, Чилиде – 98,84, Монголияда – 98,65, Улуу Британияда – 96,72, Венгрияда – 92,15, Катарда – 90,26 доза туура келет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД