Өмүрбек Текебаев Берлиндеги кыргызстандыктар менен жолукту

Кыргызстандын Германияга жаңы дайындалган элчиси Өмүрбек Текебаев Берлин шаарында жашаган кыргыз диаспорасынын лидерлери жана активисттери, ошондой эле "Кыргыз-Герман маданий коомунун" өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Анда Текебаев Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы саясий жана соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары активдештирүү, Кыргызстандын экономикасынын ар кайсы тармактарына инвестицияларды тартуу жана өлкөлөр ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча өзүнүн пландары жана идеялары менен бөлүшкөн.

Текебаев мекендештерди инвестицияларды, жаңы технологияларды тартууга жана туристтик потенциалды жайылтууга активдүү көмөк көрсөтүүнү улантууга чакырды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД