14-15-мартта жаан катуу жаап, көчкү түшүшү мүмкүн

14-15-мартта Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөп, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун (Чапчыма ашуусу) 70-75, 86-101-чакырымдарында, Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-107-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 60-94-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу) жана Каракол- Эңилчек унаа 45-48, 65-90-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү мүкүн.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД