Ирак: АКШ консулдугунун жанында бир нече ракета жарылды

13-мартка караган түнү Ирактын түндүгүндө, АКШнын консулдугуна жакын жерге бир нече ракета түшкөнүн күрд автономиясынын расмий органдары билдиришти.

Жалпысынан Эрбил шаарынын аймагына 14 ракета атылган, алар америкалык башкы консулдуктун тегерегиндеги аймакка түшкөн. Натыйжада жергиликтүү Kurdistan 24 телеканалынын имараты жабыркап, жергиликтүү аэропорттун иши үзгүлтүккө учурады.

Бул чабуулдан кийин АКШ баштаган эл аралык коалициянын аскердик учактары аймактын үстүнөн көзөмөл иретинде айланып учушту.

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментинин өкүлү ракеталык чабуулду кол салуу катары баалап, эч ким жабыркабаганын билдирди.

Эрбилдин аэропортундагы америкалык аскерлерге буга чейин да түрдүү чабуулдар жасалган. АКШ бул үчүн Иран менен байланышы бар согушкерлерди айыптап келет. Иран бийлиги аларга эч тиешеси жок экенин айтууда. (RK)


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД