Президенттин агасынын атынан ири суммадагы акча талап кылгандар кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) президент Садыр Жапаровдун бир тууганы Сабыр Жапаровдун атын жамынып, ири суммадагы акча алдап алууга аракет кылган эки адам кармалганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр товары менен Казакстанда кармалып турган контейнерин чыгарып беребиз деп "M.T.A." аттуу жарандан 1 миллион 250 миң доллар алууга аракет кылышкан.

Шектүүлөр алар сураган акчанын бир бөлүгүн алып жаткан учурда атайын кызмат тарабынан кармалган.

Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (Алдамчылык) фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөрдүн бири УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД