Кыргызстанда бензиндин баасы арзандайбы? Расмий жооп

Кыргызстанда бензиндин запасы орто эсеп менен эки жумага жетет. Бирок, бул өлкөдө күйүүчү май калбай калат дегенди билдирбейт. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына КР Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов билдирди.

Анын айтымында, ар бир ишкананын ар кандай резервдери бар – "кээ бири эки жумага, башкасы 20 күнгө". Вагон-цистерналардын жетишсиздигинен республикага күйүүчү-майлоочу майлар чакан партиялар менен берилип жатат.

"Запастар толукталып жатат. Күйүүчү-майлоочу майлардын дизель тобуна келсек, запастар жазгы талаа иштерине да жетет. Аны январь айында кайра сатып алдык", - деди Эшатов.

Кыргызстандагы нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы белгилегендей, азыр майда лоттордун баасы тынымсыз өсүп жатат. "Ички рынокто баалар төмөндөгөнүнө карабай, бизге заводдордон жогорулатылган баалар менен беришет. Бирок, экспортко сатуу баасы төмөндөй элек", - деп жыйынтыктады Эшатов.

Бааны түшүрөбү, же жокпу, аны факты болгондон кийин гана айтууга болот.

Ал келечекте баалар россиялык нефтини кайра иштетүүчү заводдордогу көлөмдөрдүн көбөйүшүнө байланыштуу төмөндөшү мүмкүн экенин айтты. Бирок бул Кыргызстанга таасир этеби, азырынча белгисиз.

Булак: kaktus.kg


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД