Интернетте соода кылгандарга салык салынышы мүмкүн

Мамлекеттик салык кызматы интернет-соода чөйрөсүнө салык салуу боюнча мыйзам долбоорун даярдоодо. Бул тууралуу мекеменин төрагасынын орун басары Адилет Дубанаев тегерек столдо билдирди.

Интернеттеги соодагерлер гана эмес, Google сыяктуу компаниялар дагы салык төлөөгө милдеттүү болушат, деди ал. Азырынча салыктын алдын ала ставкасы жалпы кирешенин 2% түзөт.

"Салыктын ставкасы 2% түзөт, алгач онлайн режиминдеги ишкерлерге салык каникулдары берилет. Жакында тиешелүү документ Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлөт", - деп билдирди Дубанаев.

Эске салсак, мындай салык маселеси Экономика министрлиги тарабынан 2019-жылы көтөрүлгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД