Министр: Хирург Акрамов жетектеген институт жабылды

Бүгүн, 14-мартта хирург Эрнст Акрамов жетектеген Чүй облустук ооруканасындагы калыбына келтирүүчү хирургия илимий борбору жабылды. Бул тууралуу министр Алымкадыр Бейшеналиев журналисттерге билдирди.

Аталган борборду 85 жаштагы Эрнст Акрамов жетектеп келген. Министр аны кызматтан алганын, мекемеге жаңы башкы дарыгер дайындалганын айтты.

Эрнст Акрамов 1936-жылы Бишкек шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн. Эмгек жолун Бишкектеги №2 клиникалык ооруканада хирург болуп иштөө менен баштаган.

1967-жыл кандидаттык, 1990-жылы докторлук дисертациясын жактаган. КММИде ассистент, доцент, респубикалык клиникалык ооруканада жалпы хирургия бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

1992-жылдан тарта Чүй облустук ооруканасынын хириргуясынын башчысы болуп иштейт.

IV чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргыз Республикасынын Баатыры.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД