Прокуратура: Майлуу-Суу шаарында бала бакча мамлекетке кайтарылды

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык прокуратурасы 9 млн 482 миң 958 сомго бааланган бала бакчаны мамлекетке кайтарып алды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, Майлуу-Суу шаарынын мэринин токтому менен Советтик Армия көчөсүндө жайгашкан №9 бала бакча жеке жактарга мыйзамсыз берилип кеткени аныкталган.

Имаратты мамлекетке кайтаруу максатында шаардык прокуратура тарабынан сотко доо арыз берилип, арыз толук канааттандырылган.

Учурда бала бакча жер тилкеси менен кошо мамлекетке кайтарылды


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД