Токтогулда милиция туристтин жоголгон ири суммадагы акчасын таап берди

Токтогул райондук милициясы чет өлкөлүк туристтин унутуп калтырып кеткен кол сумкасы менен акчасын таап берди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Токтогул РИИБине Бишкек шаарынын К.Э. аттуу тургуну кайрылган. Ал 2-июнда аны менен бирге турист катары Ош шаарынан Нарын облусуна бара жаткан германиялык Гётц С.Г. атуу адам Токтогул шаарындагы май куюучу жайга токтогон учурда, кол сумкасын ичиндеги акчалары менен унутуп кетип калгандыгын, ошол сумканы табууга жардам берүүнү өтүнгөн.

Аталган кол сумкада 800 АКШ доллары, 800 евро, 2000 сом жана банк карточкасы болгон. Банк карточкасында кырк миңдей евро болгон.

Бул окуя боюнча иликтөө баштаган милиция кызматкерлери аталган сумканы Баткен облусунун И.С. аттуу 2004-жылы төрөлгөн тургуну алып кеткенин, ал Ош шаарында жүргөнүн аныкташкан.

Ал адамды тапканда өспүрүм, жолдо бара жатканда ээсиз калган сумканы таап алгандыгын, акчаларын коротпогондугун айткан.

Алынган сумка жана акчалар толугу менен ээсине кайтарылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД