"Ишеничти актайбыз" Икрамов комитеттин төрагасы болуп шайланышы тууралуу

3-июнда Тазабек Икрамов Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагалыгына шайланды.

"Бардыгын регламент боюнча алып барабыз. Бүгүнкү күнү Чоң-Алайда болуп жаткан окуяны күн тартипке киргизип, жабык эшик артында карайбыз.

Шайлоо жабык түрүндө өттү. Эки талапкер болдук. Көпчүлүк добуш менен депутаттар мени колдоп беришти. Мага ишеним көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирем. Ишеничти актап, өлкө үчүн иштейбиз", - деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД