Кыргызстанда акыркы сутканын ичинде 1966 адам коронавируска каршы эмделди. Анын ичинен 1135 адам экинчи жолу эмделгенин бүгүн, 4-июнда Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Өлкөдө жалпы 86 072 адам эмдөөдөн өтсө, алардын арасынан 40 294 адам 2-доза менен эмделген.
Аймактардагы көрсөткүч:
- Бишкек шаарында -21 миң 122 адам;
- Чүй облусунда - 14 242 адам;
- Ош облусунда - 11 855 адам;
- Жалал-Абад облусунда - 11 488 адам;
- Ысык-Көл облусунда - 8 167 адам;
- Ош шаарында - 6 715 адам;
- Талас облусунда - 4 208 адам;
- Нарын облусунда - 4 485 адам;
- Баткен облусунда - 3 780 адам.