Баткен РИИБнин жетекчиси Самаркандек айылынын эли менен жолугушту

Баткен РИИБнин жетекчиси Самаркандек айылында ысырапкерчилик боюнча эл менен жолукту. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен РИИБнин жетекчиси Алмазбек Шагамурзаев, район акими У.Жоробаев жана казыят кызматкерлеринин өкүлдөрү менен биргеликте Баткен районунун Самаркандек айылындагы жергиликтүү тургундар менен жолугуп, президент С.Жапаровтун каада-салт, үрп-адаттарды колдонуудагы ысырапкерчиликти жоюу боюнча чыгарган Жарлыгын жеткирип, түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Мындан сырткары Баткен РИИБнин Көк-Таш айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери "Укук тартип" аталышындагы комплектүү рейддик иш-чара өткөрүп, мектептерге жакын жайгашкан дүкөндөргө спирттик ичимдиктерди, ден соолукка терс таасирин берген тамеки нас, энергетикалык буюмдарды сатпоо боюнча түшүндүрүп, жергиликтүү тургундарды мал-жандыкка сак болууга чакырды.

Көк-Таш айылдык милиция бөлүмчөсү "Укук тартип" иш-чарасынын 1 күндүк жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 85-беренеси (тамеки заттарын сатуу жанан жүгүртүү тартибин бузуу) менен 4 протокол түзүлүп, айып пулдар салынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД